Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-марты № 122
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы жөнүндө
Жарандардын маалыматтык муктаждыктарын канааттандыруу максатында, "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиоберүү компаниясынын аталышы Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы деп өзгөртүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы юстиция органдарынан белгиленген тартипте кайра мамлекеттик каттоодон өтсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы (мындан ары - Компания) өз ишин Кыргызстан элинин кызыкчылыгын коргоо жана жарандардын эркин маалымат алуу боюнча конституциялык укуктарын камсыздоо максатында ишке ашырат.
2. Компания өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Уставга ылайык жүзөгө ашырат.
3. Компания өз ишин мамлекеттик органдарга жана мекемелерге көз карандысыз өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат.
4. Компаниянын уюштуруучусу - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Компания юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 231-беренесине ылайык оперативдүү башкаруу укугунда өзүнө бекитилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штампы, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын мамлекеттик жана расмий тилдердеги башка атрибуттары бар.
6. Компаниянын толук аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиокомпаниясы";
расмий тилде: "Государственная телерадиовещательная компания Кыргызской Республики "ЭлТР".
7. Компаниянын кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "ЭлТР" МТРК";
расмий тилде: "ГТРК "ЭлТР".
8. Компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө өз өкүлчүлүктөрүн жана кабарчылар пункттарын ачууга укуктуу.
9. Юридикалык дареги: 723500, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ленин көчөсү, 330.
2. Ишинин максаттары, милдеттери, түрлөрү жана принциптери
10. Компаниянын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жарандардын эркин маалымат алууга конституциялык укуктарын камсыздоо;
2) Кыргыз Республикасында жашаган жарандардын маалыматтык, билим берүүчүлүк жана руханий талаптарын канааттандыруу;
3) коопсуздукту, анын ичинде маалыматтык коопсуздуктун жана мамлекеттин бүтүндүгүнүн сакталышына өбөлгө болуучу маалыматтык саясатты жүзөгө ашыруу.
11. Компаниянын ишиндеги негизги милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) телекөрүүчүлөргө Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү коомдук-саясий, экономикалык, социалдык жана башка окуялар туурасында, калктын жашоосуна же болбосо ден соолугуна коркунуч келтирүүчү өзгөчө окуялар жана кырдаалдар жөнүндө ыкчам маалымдоо, расмий билдирүүлөрдү жарыялоо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин түшүндүрүү;
2) калктын түрдүү улуттук, социалдык, курагы жагынан жана башка топторунун өздөрүнүн ой-пикирлерин эркин билдирүүгө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
3) өлкө элинин биримдигин, жарандык тынчтыгын сактоого жана бекемдөөгө көмөк көрсөтүү;
4) Кыргыз Республикасынын калкынын билим берүү жана руханий жактан муктаждыктарын канааттандыруу, маданиятты, тилди, салттарды өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүү;
5) Кыргыз Республикасынын эл аралык байланыштарын чыңдоого, анын эл аралык аренадагы кадыр-баркынын жогорулашына көмөк көрсөтүү;
6) журналистиканын жогорку стандарттарын, сабырдуулуктун, ар бир адамдын укугун урматтоонун стандарттарын камсыздоо;
7) маркетингдик, маалыматтык жана жарнамалык бирдей саясатты жүргүзүү;
8) ишенимдүү, объективдүү, калыс, анын ичинде үчүнчү жактан алынган маалыматтарды республиканын бардык аймагына тең салмакталган түрдө таратуу.
12. Компания иштин төмөнкүдөй түрлөрүн жүзөгө ашырат:
1) экономикалык, публицистикалык, маданий-билим берүү, көркөм, окуу, оюн-зоок, спорттук телерадиопрограммаларды жогорку кесиптик, көркөм жана техникалык деңгээлде түзүү жана таратуу;
2) программаларды, кино, аудио, видео жана башка продукцияларды түзүүнүн чыгармачыл-өндүрүштүк процессин аларды түзүү, сатып алуу, алмашуу, бул продукцияга жана интеллектуалдык менчиктин башка объекттерине автордук жана чектеш укуктарды сатып алуу, Кыргыз Республикасында, ошондой эле чет өлкөлөрдө теле, кино, аудио, видеопродукцияларды өндүрүүгө заказдарды жайгаштыруу жана аткаруу жолу менен жүзөгө ашыруу жана камсыздоо;
3) телекөрсөтүү сигналдарын байланыштын спутниктик, кабелдик, проводдук каналдары жана релелик линиялар аркылуу жеткирүү жана таратуу жолу менен аны трансляциялоону жана ретрансляциялоону жүзөгө ашыруу;
4) байланыштын учурдагы спутниктик, кабелдик, санариптик жана башка тутумдарын пайдалануу жана жаңыларын түзүү;
5) Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө түрдүү маалыматтарды чогултууну, алмашууну жана таратууну уюштуруу, өздүк маалымат фонддорун түзүү;
6) маалыматтык мүнөздөгү продукциянын бардык түрдөгү басма, аудиовизуалдык, кино, теле, видео жана башка түрлөрүн чыгаруу жана таратуу; телекоммуникациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте көргөзмөлөрдү, аукциондорду, ярмаркаларды, лотереяларды, тооруктарды, конкурстарды, фестивалдарды өткөрүүнү уюштуруу;
8) инновациялык, өздөштүрүүчүлүк, уюштуруучулук, ортомчулук жана башка кызматтарды көрсөтүү;
9) телерадиоберүүнүн материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган бардык зарыл иш-чараларды өткөрүү;
10) базар экономикасынын шарттарында иштөө үчүн телекөрсөтүүнүн, радиоуктуруунун, информатиканын жана коммуникациялардын адистерин даярдоону уюштуруу;
11) чет мамлекеттердин телерадио уюмдары менен кызматташтыкты өнүктүрүү;
12) иштин башка түрлөрү.
13. Атайын уруксаттарды (лицензияларды) талап кылуучу иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар бере турган лицензиялардын негизинде Компания жүзөгө ашырат.
14. Компания өз ишин төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырат:
1) редакциялык көз карандысыздык;
2) маалыматтын объективдүүлүгү жана тең салмакталгандыгы;
3) маалыматтын оперативдүүлүгү жана тактыгы;
4) фактыларды жана баалоо пикирлерин так аныктоо;
5) пикирлердин плюрализми;
6) айкындык жана ачыктык;
7) жарандардын башкарууга жана программалык саясатты түзүүгө катышуусу;
8) өлкөнүн калкын максималдуу камтуу;
9) маалыматты таратууда автордук жана чектеш укуктарды сактоо.
15. Максаттарды, милдеттерди, ишти жүзөгө ашыруунун тартиби ушул Уставда, ошондой эле Компаниянын ички актыларында аныкталат.