Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 55 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 23-марты № 143
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)
"Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине жана "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 143 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Терминдер жана аныктамалар
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуунун ушул Эрежелеринде (мындан ары - Эрежелер) колдонулган терминдер жана аныктамалар:
аңчылык - табигый эркиндикте же жарым-жартылай эркиндик шартында жүргөн жапайы жаныбарларды жана канаттууларды олжолоо жана накталай кармоо (кармоо же атуу жолу менен) максатында аңчылар издеп, аңдып, изин кууп ишке ашырган процессти билдирген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин колдонуу түрү;