Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 14-апрели № 212
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.З.Зулпукаров, М.А.Расулов, А.Ш.Султанов демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-апрелиндеги № 212 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.З.Зулпукаров, М.А.Расулов, А.Ш.Султанов демилге кылышкан "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутунду берет.
Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексине балдардын мектепке чейинки мекемелерине айрым салыктарды (киреше салыгын, сатуудан салыкты, жер салыгын) төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү, ошондой эле мектепке чейинки, мектепке чейинки билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн КНС салыгынан бошотулган берүүлөрдүн тизмесине кошуу боюнча толуктоолорду киргизүү каралууда.
Ушуну менен бирге, Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык, ал балдардын мектепке чейинки жеке мекемелерин ачкан жеке ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан жана мектепке чейинки билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз кылуу боюнча социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөм түзүп берет.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Салык кодекси салык салууга бирдиктүү мамиле кылууга багытталгандыгын жана салык салуунун милдеттүүлүгүнүн, аныктыгынын, адилеттүүлүгүнүн принциптерине жана салык системасынын бирдейлигине негизделгендигин белгилөө зарыл.
Салыктык жеңилдиктерди берүү же салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларын салык төлөөдөн бошотуу бардык чарба субъекттери үчүн бирдей шарттарды жана адилеттүү жана тең бөлүштүрүү принциби боюнча айрым субъекттердин ортосунда салыктарды бөлүштүрүү механизмин түзүүнү шарттаган салык салуунун эң негизги адилеттүүлүк принцибин бузууга алып келет.