Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 327 токтому менен бекитилген |
Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 17-августу № 581, 2016-жылдын 15-июнундагы № 318, 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576, 2017-жылдын 24-августундагы № 541 , 2019-жылдын 22-августундагы № 420, 2020-жылдын 24-январындагы № 30, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Лицензия деп "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Убактылуу жободо белгиленген талаптарга ылайык этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү, алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугун күбөлөндүрүүчү, лицензиар тарабынан лицензиатка берилген документ түшүнүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик лицензиар болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 30, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 токтодорунун редакциясына ылайык)
3. Иштин лицензиялануучу түрүн жүргүзүү же лицензияланууга тийиш болгон аракеттерди жасоо ниетин билдирген жеке жана юридикалык жактар уюштуруу-укуктук формасына жана, менчигинин түрүнө карабастан, ушул Убактылуу жободо белгиленген тартипте лицензия алууга милдеттүү болушат.
Лицензиялануучу ишти жүзөгө ашыруу укугу юридикалык жана жеке жактарда лицензия алган учурдан тартып башталат.
4. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Убактылуу жободо каралбаса, чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар лицензияны Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары алган шарттарда жана тартипте алышат.
5. Лицензиялоо жол жобосу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган принциптерге ылайык ишке ашырылат.
6. Этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө, алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максаттарында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) берилген лицензия ээликтен ажыратылгыс болуп саналат.
2-глава. Лицензиянын мазмуну жана формалары
7. Лицензияда төмөндөгүдөй реквизиттер көрсөтүлүшү керек:
- лицензиялоочу органдын толук аталышы;