Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-майы № 317
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык
өнүгүүсүнүн 2016-2018 -жылдарга орто мөөнөттүү
болжолу жөнүндө
Өнүгүүнүн макроэкономикалык параметрлерин аныктоо жана Кыргыз Республикасынын бюджетинин 2016-2018-жылдарга орто мөөнөттүү болжолун түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-2018-жылдарга орто мөөнөттүү болжолу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун түзүүдө бекитилген Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн 2016-2018-жылдарга карата макроэкономикалык параметрлерин негиз кылып алсын.
3. Министрликтер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары орточо мөөнөткө программаларды жана өнүгүү стратегияларын иштеп чыгууда өнүгүүнүн 2016-2018-жылдарга бекитилген макроэкономикалык параметрлерин негиз кылып алышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына мониторинг жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-апрелиндеги № 190 “2014-2016-жылдарда Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-2018-жылдарга орто мөөнөттүү болжолу
1. Киришүү
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-2018-жылдарга орто мөөнөттүү болжолунун негизги максаты тенденциялар менен өбөлгөлөрдү тактоо жана конкреттештирүү, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү үчүн болгон ресурстарды жана мүмкүн болуучу тобокелдик факторлорун айкындоо жолу менен мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарбакер субъекттер үчүн социалдык-экономикалык саясаттын багыттарын жана чараларын аныктоо болуп саналат.
Макроэкономикалык болжол 2014-жылы экономиканы өнүктүрүү тенденцияларын талдоонун жана 2015-жылы күтүлгөн макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү баалоонун негизинде эсептелди жана иш жүзүндө түзүлгөн жагдайдын факторлорун эске алат.
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-2018-жылдарга орто мөөнөттүү болжолу Кыргыз Республикасынын Орто мөөнөттүк бюджетинин долбоорун иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат жана жыл сайын оңдоп-түзөтүлүшү же экономиканын иштешинин жаңы тышкы жана ички факторлору аныкталганда, тобокелдиктин жаңы факторлору пайда болгондо зарылдыгына жараша такталышы мүмкүн.
2015-жылдын 1-кварталынын жыйынтыктары боюнча келерки жылды кошкондо, үч жылдык мезгилге Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жаңыртылган болжолу түзүлөт.
2. 2013-2014-жылдардагы макроэкономикалык кырдаалга
кыскача сереп
2013-2014-жылдардын жыйынтыгынын негизги натыйжасы экономиканы өнүктүрүүнүн оң динамикасын жана өлкөдөгү макроэкономикалык жана социалдык стабилдүүлүктү сактоо болуп саналат.
Бул жылдары Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүү сакталып турган глобалдуу тобокелдиктердин жана жаңы пайда болгон потенциалдуу терс факторлордун фонунда болду, айрым алганда:
- еврозонанын өлкөлөрүнүн ири экономикалары иш жүзүндө стагнация стадиясында болду, ошондой эле еврозонада макроэкономикалык кырдаалдын начарлоо ыктымалдыгы сакталды (ЭВФнын акыркы божомолу 2012-2014-жылдарда еврозонада экономикалык төмөндөөнүн уланышын - ИДПнын орточо 0,1%га кыскарышын белгиледи);
- Кытай экономикасынын өнүгүү динамикасы төмөндөдү, бул иш жүзүндө азыр да уланууда (2010-жылдагы 10,4 % өсүштөн 2014-жылы 7,4%га чейин төмөндөгөн);
- негизги соода өнөктөштөр - Россиянын (2012-жылдагы 3,4% өсүштөн 2014-жылы 0,6%га чейин) жана Казакстандын (2012-жылдагы 5,0% өсүштөн 2014-жылы 4,3%га чейин) экономикаларынын өнүгүүсүнүн байкалаарлык начарлашы;
- АКШнын федералдык резервдик тутуму тарабынан сандык жумшартуу программасынын токтолушу, бул өнүгүп келе жаткан ири өлкөлөрдүн (Индия, Индонезия, Бразилия, Түркия) экономикаларына олуттуу сокку алып келди, алар капиталдын күчөп агылып кетүүсүн баштарынан өткөрө башташты;
- алтынга фьючерстердин өтө өзгөрүлмөлүүлүгү, баанын 27,3%га төмөндөшү (2012-жылдагы 1 унцияга 1657,5 АКШ долларынан 2014-жылы 1206,0 АКШ долларына чейин);
- башка валюталарга карата АКШ долларынын курсунун чыңдалышынын жана мунайга дүйнөлүк баалардын кескин төмөндөшүнүн (2014-жылы рублдун наркы 71,9%га төмөндөсө, теңге - 18,7%га, беларусь рубли - 24,6%га, армян драмы - 17,1%га, сом - 19,6%га) эсебинен алмашуу курсуна басымдын күчөшү;
- соодадагы өнөктөш өлкөлөрдөгү геоэкономикалык абал (Россияга каршы экономикалык санкцияларды киргизүү);
- инфляция деңгээлинин жогорулоо тренди (2014-жылы инфляциянын деңгээли Белорусияда 16,2%га, Россияда- 11,4%га, Казакстанда - 7,4%га, Кыргызстанда- 10,5%га өскөн);
- - өлкөнүн энергетикасын жана айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттардын таасири.
2013-жылы өлкөдө 10,9% деңгээлиндеги экономикалык өсүш КМШга катышуучу мамлекеттердин арасында эң жогорку көрсөткүч болду. Мында дүйнөлүк экономиканын өнүгүү деңгээлинин кумулятивдик көрсөткүчү 3,3%ды түздү, ал негизинен Кытай менен Индиянын оң салымдарынын эсебинен болуп, тиешелүүлүгүнө жараша 7,4% жана 7,5% деңгээлинде өстү. Россия жылды ИДПнын 0,6%га өсүшү, Казакстан 4,3% өсүшү менен аяктады.
2013-жылы экономикалык өсүштүн негизги фактору өнөр жай өндүрүшүнүн олуттуу көбөйүшү, тактап айтканда ремонттон кийин Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларда алтынды өндүрүү көлөмдөрүнүн көбөйүшүнүн эсебинен, ошондой эле, 32 млрд сом суммасында өздөштүрүлгөн ири инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышынан улам болду.
Ички дүң продуктунун (мындан ары – ИДП) номиналдык көлөмү 2013-жылы 355,3 млрд сом өлчөмүндө түзүлгөн. Калктын жан башына эсептегенде ИДПнын көлөмү 65,0 миң сомду түздү жана 2012-жылга салыштырганда 8,6 %га жогорулады.
1-таблица
ИДПны түзүүчү секторлор боюнча түзүм жана өсүш темптери[1]
Көрсөткүчтөр | 2013-жыл, иш жүзүндө | 2014-жыл, алдын ала иш жүзүндө | |||||
млн сом | өсүш темпи, % | ИДПга карата % менен | млн сом | өсүш темпи, % | ИДПга % менен | ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү, п. п. | |
ИДП | 355294,8 | 110,9 | 100,0 | 397277,1 | 103,6 | 100,0 | 3,6 |
Айыл чарба | 52007,6 | 102,7 | 14,64 | 58888,7 | 99,4 | 14,8 | -0,09 |
Өнөр жай | 65801,5 | 135,9 | 18,52 | 61741,3 | 98,3 | 15,6 | -0,31 |
Курулуш | 22466,5 | 116,4 | 6,32 | 29461,1 | 124,9 | 7,4 | 1,57 |
Кызмат көрсөтүү | 165603,7 | 104,8 | 46,61 | 191139,3 | 104,1 | 48,1 | 1,94 |
Продуктуларга жана импортко таза салык | 49415,5 | 110,9 | 13,91 | 56046,7 | 103,6 | 14,1 | 0,50 |
2014-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (мындан ары – УСК) алдын ала баалоосу боюнча өлкөдөгү экономикалык өсүш 103,6% түзгөн, ИДПнын номиналдык көлөмү 397,3 млрд сом суммасында болгон. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда реалдуу ИДПнын өсүшү 4,6 %ды түзгөн.
Калктын жан башына эсептегенде ИДПнын көлөмү 71,2 миң сомду түздү жана 2013-жылга салыштырганда 1,5%га өстү.
Экономикалык өсүштүн оң динамикасын бекемдөө менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-февралындагы № 110 токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылга карата иш-чаралар планынын алкагында активдүү түрдө жылдырылууда, анын ири бөлүгү стратегиялык тармактарды өнүктүрүү үчүн улуттук масштабдагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана бизнес үчүн чөйрөнү жөнөкөйлөтүү жана тоскоолдуктарды алып салууга топтолгон. 2014-жылы 15 долбоор жүзөгө ашырылган, алардын ичинен 7 долбоор агро өнөр жай комплексинде, 4 долбоор энергетика секторунда, 4 долбоор транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндө.
Экономикалык өсүш 1,57 деңгээлинде курулуштун (реалдуу өсүш 24,9%) жана 1,94 пайыздык пункт деңгээлинде кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн (реалдуу өсүш 4,1 %) оң салымынын эсебинен камсыздалган. ИДПны түзүүдө терс салымды 0,09 пайыздык пункт деңгээлинде айыл чарбасы (көлөмдүн 0,6% төмөндөшү) жана 0,31 пайыздык пункт деңгээлинде өнөр жай кошкон, мында негизги факторлор айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттар (жаздын кеч келиши, кургакчылык жана сугат суунун жоктугу, суу өтө аз болуп жаткан мезгил) жана алтын өндүрүүнүн азайышынан улам өнөр жайлык өндүрүштүн динамикасынын байкалаарлык төмөндөшү болду.
Калктын кирешелери жогорулады жана эмгек рыногундагы жагдай кыйла оңолду. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын (мындан ары – ТӨУС) негизги максаттуу көрсөткүчтөрүнө ылайык ар жыл сайын 70 миң жумуш оруну түзүлүшү керек. 2014-жылы республикада 110252 жумуш орундары түзүлгөн (2013-жылы - 110951 жумуш оруну). Жумуштуулуктун мамлекеттик кызматтары тарабынан көмөк көрсөтүүдө 2014-жылы 48,1 миң адам жумушка орноштурулган, бул 2013-жылга караганда 21 % көп (2013-жылы 39,7 миң адам).
Бир кызматкердин орточо айлык номиналдык айлык акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 2014-жылы 12435 сомду түзүп, 2013-жылга салыштырмалуу 8,8 %га өстү, ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген анын реалдуу өлчөмү 1,2 %га өстү (2013-жылы 11426 сомду түзгөн жана 2012-жылга салыштырмалуу 4,2 %га өскөн) жана бул жашоо минимумунан 2,5 эсеге көп. 2014-жылы жашоо минимумунун орточо жылдык чоңдугу 4981,51 сомду түзгөн жана 2013-жылга салыштырмалуу 8,3 % өскөн. Соңку 4 жылда пенсиянын орточо өлчөмү 3760 сомдон 4600 сомго чейин22,3 %га өскөн, ал эми пенсионердин жашоо минимумуна карата 95,6 %дан 2014-жылдагы 103,7%га өскөн.
2014-жылы социалдык чөйрөгө республикалык бюджеттен чыгымдардын салыштырма салмагы 57,8 %ды (53,4 млрд сомду) түзгөн (2013-жылы социалдык чөйрөгө республикалык бюджеттен чыгымдардын салыштырма салмагы 52,4 % түзгөн). Бекитилген параметрлердин алкагындагы социалдык милдеттенмелер аткарылды.
ТӨУС менен кабыл алынган макроэкономикалык стабилдүүлүктүн сандык параметрлери жалпысынан аткарылууда. Мында, 2013-2014-жылдардын мезгилинде экономикалык өсүштүн орточо темпи жылына 107,3 % түзгөн.
Экономикалык саясаттын негизги багыттары ИДПга карата (ИДПга карата 60 %) тышкы карыздын деңгээлинин чектүү маанисинен ашпаган, бюджеттик тартыштыктын кыскарышы аркылуу макроэкономикалык стабилдүүлүккө жетишүү жана сактап калуу болуп эсептелет. 2013-2014-жылдары бюджеттин тартыштыгынын өлчөмү максаттуу ориентирден ашкан жок (ИДПга карата 5 % жогору эмес) жана ИДПга карата 0,5-0,7 диапазонунда болгон, ал эми мамлекеттин тышкы карызынын деңгээли ИДПга карата орточо алганда 47,4 % түзгөн (2-таблицаны караңыз).
2-таблица
Макроэкономикалык туруктуулуктун негизги сандык параметрлеринин иш жүзүндөгү маалыматтарын 2013-2017-жылдарга карата ТӨУСтун максаттуу параметрлерине
салыштыруу таблицасы
Көрсөткүчтөр | Өлчөө бирдиги | 2013-2017-ж.ж. ТӨУС максаттуу көрсөткүчү | 2013-жыл | 2014-жыл | Орточо алганда 2013-2014- жылдары |
Иш жүзүндө | Алдын ала иш жүзүндө | ||||
ИДПнын реалдуу өсүшүнүн темпи | % | 7 % кем эмес | 110,9 | 103,6 | 107,3 |
Бюджеттин тартыштыгы | ИДПга карата % менен | ИДПга карата 5 % жогору эмес | 0,7 | 0,5 | 0,6 |
Мамлекеттик тышкы карыз | ИДПга карата % менен | ИДПга карата 60 % чейин | 43,8 | 50,9 | 47,4 |