КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 12-июну № 352
"Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын калкынын электр энергиясы үчүн акы төлөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.З.Мурзабеков, Д.А.Жумабеков, А.А.Арапбаев, Б.О.Шаршеев, Р.Төлөгөнов, Ж.А.Саматов тарабынан демилгеленген "Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын калкынын электр энергиясы үчүн акы төлөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 352 токтому менен жактырылган |
"Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын калкынын электр энергиясы үчүн акы төлөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.З.Мурзабеков, Д.А.Жумабеков, А.А.Арапбаев, Б.О.Шаршеев, Р.Төлөгөнов, Ж.А.Саматов тарабынан демилгеленген "Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын калкынын электр энергиясы үчүн акы төлөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкү корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоорунда Таш-Көмүр шаарынын калкынын тиричиликтик керектөөсү үчүн 150 кВт/саатка чейинки өлчөмдө пайдаланылган электр энергиясы үчүн акы төлөөнү Таш-Көмүр ПС ГЭСи тарабынан иштелип чыккан электр энергиясынын өздүк наркы боюнча жүргүзүүнү белгилөө каралган. Ошол эле учурда аталган адамдар үчүн башка мыйзамдарда белгиленген жеңилдиктер жана кепилдиктер сакталат.
Ошону менен бирге азыркы күндө республиканын энергетика секторунда акыркы керектөөчүлөр үчүн колдонулган тарифтер энергетика компанияларынын электр жана жылуулук энергиясынын чыгымдарынын ордун толтурбай тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Энергия булактарына жана жабдууларга болгон баанын жыл сайын жогорулашы чыгымдардын көбөйүшүнө алып келүүдө, бул электр энергиясын жана жылуулук энергиясын сатуудан келип түшкөн кирешеден аз. Ошону менен бирге электр энергиясын керектөө жаңы кубаттуулуктардын өсүшүнөн да ашууда. Мисалы, 2014-жылы энергетика системасы боюнча акча каражатынын дефицити 6,7 млрд. сомду түзгөн, 2015-жылы 8,5 млрд. сом өлчөмүндөгү финансылык каражаттын дефицити болжолдонууда.
Ошол эле учурда аталган мезгилдеги дефициттин негизги суммасы "Электр станциялары" ачык акционердик коому боюнча түзүлгөндүгүн белгилей кетүү зарыл. Аталган энергетика компаниясына мамлекеттик колдоо көрсөтүү, калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында республикалык бюджеттен 2014-жылы 3,7 млрд. сом, 2015-жылдын башында - 400 млн. сом өлчөмүндө ссудалар бөлүнгөн.