Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 402 токтому менен бекитилген) |
Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 396, 2024-жылдын 29-мартындагы № 144, 2024-жылдын 8-майындагы № 223 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этностук кыргыздарга кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч берген адамдардын кайрылуу тартибин аныктайт.
2. Этностук кыргыздарга кайрылман статусун ыйгаруу жөнүндө чечим миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары (мындан ары - аймактык органдар) тарабынан түзүлгөн кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө этностук кыргыздардын өтүнүчүн карап чыгуу боюнча комиссиялар (мындан ары - комиссия) тарабынан кабыл алынат.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
кайрылман - туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасына көчүп келүүнү каалаган (көчүп келген) жана кайрылман статусун алган чет өлкөлүк жаран (жарандыгы жок адам) болуп саналган этностук кыргыз;
кайрылман статусу - этностук кыргыз болуп саналган чет өлкөлүк жарандын (жарандыгы жок адамдын) белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталуучу убактылуу социалдык жана укуктук статусу;
этностук кыргыз - чет өлкөлүк жаран (жарандыгы жок адам) болуп саналган кыргыз улутундагы адам;
кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч (мындан ары - өтүнүч) - аймактык органга кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч берген адамдардын эркин билдирген документ;
кайрылмандын ырастамасы - кайрылман деп таанылган адамдын инсандыгын ырастаган жана бул адамды жана анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын аймагында турган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарында каттоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеңилдиктерди алуусу үчүн негиз болуп берген документ.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 223 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кайрылман статусун алган адамдардын негизги укуктары жана милдеттери "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралат.
2. Кайрылман статусун берүү үчүн кайрылуу тартиби жана документтердин тизмеги
5. Кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөсүнүн бири же ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу ушул Жобонун 1-тиркемесиндеги форма боюнча берилет.
6. Кыргыз Республикасында мыйзамдуу негизде убактылуу турган, кайрылман статусун алууну каалаган жана аны алуу үчүн мыйзамдуу негиздери бар этностук кыргыздар кайрылман статусун алуу тууралуу өтүнүчүн жана зарыл документтерин убактылуу жашаган жериндеги аймактык органдарга беришет.
7. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана туруктуу жашоо максатында Кыргыз Республикасына келүүнү каалаган этностук кыргыздар өтүнүчтөрүн алар катталган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде андан ары миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине беришет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 144 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Өтүнүч берүүчү адам же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүчү менен бирге төмөнкү документтерди берет:
- паспорт же аны алмаштыруучу документ;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 396 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- нике тууралуу күбөлүк (бар болсо).
Өтүнүч берген адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгон учурда анын улутун ырастоо үчүн төмөнкү документтердин бири берилет: