Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 23-июну № 400
Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 "Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролдоо тутумун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 "Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агентствосу (макулдашуу боюнча)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы (мындан ары - БКМК)" деген сөздөр жана аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесинде:
3-пункту "өндүрүүгө" деген сөздөн кийин ", даярдоого" деген сөз менен толукталсын, "сатууга" деген сөздөн кийин "берүүгө, соода-сатыкка" деген сөздөр менен толукталсын;
9-пунктта:
сегизинчи абзацындагы "баңги каражаттарын, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү реестрине (мындан ары - Реестр) киргизилген ишкердик субъекттердин" деген сөздөр "Лицензиаттардын реестрине (мындан ары - Реестр) киргизилген баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду ташып кирүүгө, ташып чыгууга, транзитке лицензиясы жана уруксаты бар юридикалык жактардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
тогузунчу абзацындагы "көрсөтүлгөн уюмдардын Реестринин" деген сөздөр "Реестрдин" деген сөз менен алмаштырылсын;
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: