Редакцияот 09.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 9-июлу № 474

Токойлорду корголуу категорияларына киргизүү жана аларды бир категориядан башкасына которуу эрежелерин бекитүү тууралуу

Токой фондунун токойлуу жерлерин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жана мамлекеттик токой фондусуна кирбеген токойлорду корголуу категорияларына ылайык бөлүштүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 18, 29, 30 жана 31-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токойлорду корголуу категорияларына киргизүү жана аларды бир категориядан башкасына которуу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев