Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 474 токтому менен бекитилген |
Токойлорду корголуу категорияларына киргизүү жана аларды бир категориядан башкасына которуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Токойлорду корголуу категорияларына киргизүүдө, токойлорду негизги корголуу категориясына бөлүүдөгү өзгөчө талаптарга жооп берген бак-дарактарды кылдаттык менен тандоону камсыздоо зарыл.
2. Токойлордун корголуу категориясы токой фондунун токойлуу жерлери, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токойлуу жерлери үчүн жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлор үчүн аныкталат.
Токой чарбачылыгын жүргүзүү жана токойлорду пайдалануу режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токойлордун корголуу категорияларынын негизги максаттуу багытына жараша белгиленет жана токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Токойлорду тийиштүү корголуу категорияларына киргизүүдө токой фондунун токойлуу жерлеринин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токойлуу жерлеринин жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлорунун чек аралары кошо аныкталат.
4. Корголуу категориясына киргизүү үчүн токойлуу жерлердин чек араларын, мүмкүн болушунча табигый чектер жана бөлүктөрдүн чек аралары менен ылайык келтирүү зарыл.
5. Эгер бир аймактагы өскөн токойлор бир нече коргоо функцияларын аткарса, алар:
- токой чарбачылыгын жүргүзүүнүн жана токойду пайдалануунун жогорку режими белгиленген;
- төмөндөгү келтирилген таблицага ылайык, мааниси чоң корголуу категорияларына кирет (иреттик номери канчалык кичине болсо, ошончолук маанилүү болот).
Корголуу категориясынын маанилүүлүгү
№ | Корголуу категориясы |
1 | Мамлекеттик жаратылыш коруктары жана корууга алынган чөлкөмдөр |
2 | Мамлекеттик жаратылыш парктары |
3 | Коруктар |
4 | Өзгөчө баалуу токой массивдери |
5 | Илимий маанидеги токойлор, анын ичинде генетикалык резерваттар жана жаратылыш эстеликтери |
6 | Суу менен жабдуучу булактардын санитардык коргоо чөлкөмүнүн биринчи жана экинчи тилкелериндеги токойлор |
7 | Эрозияга каршы токойлор |
8 | Транспорттук жолдордун бойлорундагы коргоочу токой тилкелери |
9 | Курорттордун санитардык коргоочу аймактарындагы токойлор |
10 | Шаар токойлору, токой парктары, калктуу конуштардын тегерегиндеги жашыл токой зоналары |
11 | Чөлдөрдөгү жана сейрек токойлуу тоолуу чөлкөмдөрдөгү айлана-чөйрөнү коргоо үчүн мааниге ээ болгон токойлор |
12 | Дарыялардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын жана башка суу объектилеринин жээгиндеги тыюу салынган токой тилкелери |
6. Токойлорду корголуу категорияларына киргизүү, аларды бир категориядан башкасына которуу, токойду пайдалануунун чектелген режими бар өзгөчө корголуучу токой участокторун бөлүү токойду жайгаштырууда жана атайын изилдөөлөрдө ушул Эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
2. Токойлорду бир корголуу категориясынан башкасына которуу эрежелери
7. Токойлорду корголуунун бир категориясынан башкасына которуу жер фондунун жана токойчулуктун багыты өзгөргөндө токой жайгаштыруунун жүрүшүндө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корутундуларынын негизинде жүргүзүлөт.