Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 15-июлу № 496
"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ш.Ч.Айтматова, Н.В.Никитенко, Ж.Р.Сапарбаев жана Д.О.Тербишалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 496 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасында жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ш.Ч.Айтматова, Н.В.Никитенко, Ж.Р.Сапарбаев жана Д.О.Тербишалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында жеке күзөтчүнүн укуктук статусун алуу укугу иштөө үчүн кесиптик окуудан өткөн жана квалификациялык сынак тапшырган жарандарга берилери каралган.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-2-беренесинде белгиленген түзөтүүдө жарандарды окуудан өткөрүү жол-жобосу ачык берилген эмес, ошондой эле талапкерлерден ким сынак алары жана кантип өткөрүлөрү аныкталган эмес.
"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-2-беренесинде жетиштүү ченемдик укуктук жөнгө салуу максатында жеке күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоол болгон оорулардын тизмегинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленишин караган ченемди калтыруу зарыл деп эсептейбиз.
Ошондуктан аталган түзөтүүлөрдү кайра кароону сунуштайбыз.