Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 136, 2020-жылдын 26-августундагы № 449, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 255, 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 198 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ушул Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартиби (мындан ары - Тартип) "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан, асыл тукум заводдор жана асыл тукум фермалар статусун ыйгаруу жана ажыратуу тартибин аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1. Асыл тукум завод - белгилүү породадагы жаныбарлардын жана канаттуулардын таза тукумун өстүрүү менен иштеген айыл чарба ишканасы, ал тукумдан тукумга туруктуулук менен өтүүчү жана заводдук типке коюлуучу стандарттуу талаптарга жооп берүүчү чарбалык -пайдалуу жалпы туруктуу белгилерге ээ болот, ошондой эле малдын жана канаттуулардын тибин жана багытын өркүндөтүү боюнча тереңдетилген селекциялык - асыл тукум иштерин, асыл-тукум мал чарбачылыгында, канаттуулар чарбасында жана аарычылыкта кабыл алынган баштапкы эсептик жана контролдоочу иш кагаздарын жүргүзөт.
2. Асыл тукум заводдун ишин баалоо төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
- жаныбарлардын, канаттуулардын жана аарылардын азыктуулугуна жетишилген селекциялык иштердин абалы;
- сатылган асыл тукум жаш малдын саны жана сапаты;
- бул тармакта иштеген илимпоздордун жана адистердин методикалык жетекчилигинде белгилүү түрдөгү жана породадагы жаныбарлардын жана канаттуулардын асыл тукумдук жана азыктуулук сапаттарын өркүндөтүү;
- башка асыл тукум чарбаларды жана товардык фермаларды жогорку класстагы эркектери жана ургаачылары менен камсыз кылуу;
- жогорку азыктуулуктагы типтерди, багыттарды, түрлөрдү чыгаруу боюнча тереңдетилген селекциялык асыл тукум иштерин жүргүзүү;
- тукумдун сапаты боюнча өндүргүчтөрдү текшерүү, кайчылаштырып аргындаштырууга шайкеш келген малдын жана канаттуулардын ар кандай типтерин жана багыттарын сыноодон өткөрүү;
- башка категориядагы чарбаларга "Элита" классындагы жана 1-класстагы өтө баалуу эркектерин жана ургаачыларын өстүрүү, даярдоо жана сатуу;
- асыл тукум малдын өзөгүн түзүү;
- малды, канаттууларды жана аарыларды толук баалуу тоюттандырууну уюштуруу;
- малды жана канаттууларды бонитировкалоо, бекитилген формалар боюнча зоотехникалык жана асыл тукумдук эсепке алуу, мамлекеттик асыл тукум китептерине жана каталогдоруна жазуу үчүн маалыматтарды тариздөө;
- чарбанын ветеринардык бейпилдигин камсыз кылуу.