Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 30-мартындагы № 184

токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

2015-жылдын 30-июлу № 544

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Калкты социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү кызматкерлердин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 7-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борборунун жана "Балдар үчүн ишеним телефону" борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин айлык акысына ушул токтом менен белгиленген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине каралган эмгек акы төлөө фондунун каражаттарынын чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

"7-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борборунун жана "Балдар үчүн ишеним телефону" борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ

№

Кызматтардын аталышы

Кызматтык маяналардын өлчөмү (сом)

1. Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору

1

Директор

14250

2

Юрисконсульт, башкы бухгалтер

11500

3

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы, бөлүм башчы

9450

4

Борбордун квалификациялык категориясы жок врач-эксперт-адиси, врач-методисти

7500

5

Бухгалтер, кадрлар бөлүмүнүн инспектору

7500

6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоочу квалификациялык категориясы жок врач-эксперт-адис

6500

7

Квалификациялык категориясы жок улук медайым

5590

8

Медициналык каттоочу

4730

9

Санитар

3000

2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору

1

Директор

13500

2

Директордун дарылоо боюнча орун басары

12000

3

Башкы бухгалтер

11250

4

Квалификациялык категориясы жок врач-адис

7500

5

Бухгалтер

7500

6

Башкы медайым, массажчы, эмгек боюнча инструктор, дарылоо-дене тарбия инструктору

6450

7

Ашкана башчысы

6300

8

Квалификациялык категориясы жок медайым

5590

9

Сактоо камерасынын жана чарбанын башчысы

5300

10

Кожейке айым, ашпозчу

3800

11

Санитар

3000

12

Кир жуучу жумушчу

2700

3. "Балдар үчүн ишеним телефону" борбору мамлекеттик мекемеси

1

Директор

13500

2

Бухгалтер

7500

3

Психолог

8000

4

Иш кагаздарын жүргүзүүчү

5740