Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 19-августу № 589

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 5-бап менен толукталсын:

"

5. Салмак-габариттик контролдоо департаментинин аппараты

32

Директор

12500

33

Директордун орун басары

11500

34

Башкы инженер

11500

35

Бөлүмдүн начальниги

10000

36

Бөлүмдүн начальниги (Салмак-габариттик контролдоо пунктунун начальниги)

9800

37

Салмак-габариттик контролдоо пунктунун начальнигинин орун басары

9200

38

Сектордун башчысы

8500

39

Башкы адис, башкы инспектор

7400

40

Жетектөөчү адис, улук инспектор

6900

41

Адис, инспектор

5900

Эскертүү: өзгөрмө графиги менен иштеген департаменттин линиялык кызматкерлерине эмгек акы жумушчу убакытты эсепке алуу табелинин негизинде иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн төлөнөт

".

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев