Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
2022-жылдын 1-августу № 434
Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 621, 2023-жылдын 6-февралындагы № 46, 2023-жылдын 12-июлундагы № 358, 2023-жылдын 28-августундагы № 431, 2023-жылдын 28-августундагы № 433, 2023-жылдын 7-сентябрындагы № 448, 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 525, 2023-жылдын 19-октябрындагы № 552, 2023-жылдын 23-октябрындагы № 561, 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 612, 2023-жылдын 19-декабрындагы № 681, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 732, 2024-жылдын 26-январындагы № 27, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 185 , 2024-жылдын 10-майындагы № 228, 2024-жылдын 22-майындагы № 256, 2024-жылдын 28-майындагы № 267, 2024-жылдын 24-июнундагы № 334, 2024-жылдын 12-июлундагы № 380, 2024-жылдын 17-июлундагы № 397, 2024-жылдын 5-августундагы № 457, 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 544, 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 556, 2024-жылдын 30-декабрындагы № 810, 2025-жылдын 11-январындагы № 5 , 2025-жылдын 3-февралындагы № 50, 2025-жылдын 5-июнундагы № 321, 2025-жылдын 2-июлундагы № 390, 2025-жылдын 25-июлундагы № 446, 2025-жылдын 28-августундагы № 531, 2025-жылдын 2-сентябры № 549, 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 586, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592, 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 607, 2025-жылдын 13-октябрындагы № 661, 2026-жылдын 14-январындагы № 5, 2026-жылдын 23-январындагы № 23, 2026-жылдын 25-мартындагы № 194, 2026-жылдын 30-мартындагы № 205, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 287, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 315, 2026-жылдын 23-майындагы № 365 , 2026-жылдын 9-июнундагы № 402 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыгын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү бөлүгүндө ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7 040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери 1–346-тиркемелерге ылайык;
2) мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлердин иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 35-тиркемеге ылайык.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 431, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 525, 2024-жылдын 24-июнундагы № 334, 2024-жылдын 17-июлундагы № 397, 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 544, 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 586 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кызматкерлерге төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин жашыруун мүнөзү үчүн кызматтык маяналарга пайыздык үстөк;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте окумуштуулук даражасы үчүн үстөк;
4) эмгек өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;