Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 15-июлу № 494
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги" деген сөздөр "эмгек, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктта:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Жашап турууга уруксат чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу учурунда анын өздүк күбөлүгү болуп саналат.";
- 7-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо минимумун камсыздаган, туруктуу легалдуу киреше булагынын бар экендигин ырастаган төмөнкү документтердин бирин: эмгек китепчесинин көчүрмөсүн, активдерин, банктагы эсептерин же Кыргыз Республикасынын жаранынын көзөмөлчүлүгүн, эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкат ж.у.с.;";
- 12-пункттун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин" деген сөздөр "билим жана илим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;