Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 16-сентябры № 647
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.В.Никитенко, Ж.К.Исаев, Р.К.Акназарова, Д.Д.Бекешев, У.Т.Кочкоров, А.А.Калмаматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 647 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.В.Никитенко, Ж.К.Исаев, Р.К.Акназарова, Д.Д.Бекешев, У.Т.Кочкоров, А.А.Калмаматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Бул долбоор менен санариптик берүүгө ийгиликтүү өтүү үчүн укуктук шарттарды түзүү, кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүгө жана алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле телекоммуникациялар тармагында узак мөөнөттүү бизнести өнүктүрүү боюнча шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берүүчү жаңы технологияларды эске алуу менен санариптик берүү рыногун өнүктүрүү үчүн шайкеш келген ченемдик укуктук базаны түзүү максатында "Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына оңдоолорду киргизүү сунушталууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында санариптик берүүгө өтүү долбоору артыкчылыктуу улуттук долбоорлордун бири катары аныкталган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдына 2017-жылдан кечиктирбей өлкөнүн бардык точкасында калктын санариптик телекөрсөтүүгө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо милдети коюлган.
Жалпысынан мыйзамдын долбоорунун концепциясын колдоо менен, төмөнкү сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алууну сунуш кылабыз.