Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 12-ноябры № 766
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакир уулу Турсунбай тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 766 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакир уулу Турсунбай тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мыйзамдын долбоору менен "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү сунушталат, ага ылайык эгерде лицензия алууга берилген арыздардын саны жеңил таксилердин максималдык санынан ашып кетсе аукцион өткөрүү каралат.
Бул түзөтүүлөр менчигинин түрүнө карабастан, бардык жеке жана юридикалык жактар, аңын ичинде чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар үчүн лицензия жана (же) уруксат берүүнүн бирдей негиздери жана шарттары белгиленген "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган лицензиялоонун принциптеринин бирине каршы келе тургандыгын белгилейбиз.
Ошондой эле жогоруда аталган. Мыйзамдын 1-беренесине ылайык иштин, аракеттердин жана операциялардын айрым түрлөрүн лицензиялоо адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле чектелген мамлекеттик ресурстарды башкаруу максатында жүзөгө ашырылат.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин долбоорунун 3-беренесинин 3-пунктун алып салууну сунуштайбыз, анткени лицензиясы жок транспорт каражаттарын эксплуатациялоого байланышкан ишкердик иш менен алектенүү үчүн администрациялык жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 231-беренесинде каралган.