Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

2015-жылдын 17-ноябры № 777

«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын      Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн расмий ѳкүлдѳрү болуп дайындалышсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

«Жергилbктγγ өз алдынча башкаруу жөнγндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртγγ киргизγγ тууралуу

1 -берене

«Жергиликтγγ аз алдынча башкаруу жөнγндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республнкасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж.. № 7, 1004-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

20-берененин 6-бөлүгүнүн 12-пункту төмѳнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«12) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салыктык укук мамилелер чөйрөсундөгү ыйгарым укуктар;».