Редакцияот 05.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 5-августу № 559

Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө

Калдыктарды башкаруу системасын түзүү максатында, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө", "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Биринчи вице-премьер-министр.

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу

 

 

Т.Д. Сарпашев