Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 1-декабры № 812
«Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык. бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган- мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бѳлγгγнѳ ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-берене
«Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2014-жылдын 30-декабрындагы № 176, 2015-жылдын 11-июлундагы № 151 редакциясына) тѳмѳнкγдѳй ѳзгѳртγγлѳр киргизилсин:
1. 1-беренеде:
1- бѳлγктѳгγ «111 531 392,2» жана «136 858 499,1» деген цифралар тийиштγγ тγрдѳ"«117 577 576,3» жана «133 636 073,0» деген цифралар менен алмаштырылсын;