Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 3-декабры № 829
Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 536, 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470, 2020-жылдын 2-декабрындагы № 591, 2021-жылдын 20-январындагы № 17, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 411, 2023-жылдын 5-декабрындагы № 643 2024-жылдын 31-январындагы № 38, 2024-жылдын 15-майындагы № 248, 2024-жылдын 3-июнундагы № 289, 2024-жылдын 13-июнундагы № 306 , 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 580, 2025-жылдын 5-августундагы № 467, 2025-жылдын 15-октябрындагы № 669 , 2025-жылдын 20-октябрындагы № 683 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 "Аскердик, атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-октябрындагы № 676 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 "Аскердик, атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-августундагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы № 738 "Аскердик, атайын жана ведомстволук кийим кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 20-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 528 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 746 "Аскердик, атайын жана ведомстволук кийим кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;