Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 894 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жобо
1. Ушул убактылуу жобо (мындан ары - Жобо) баалуу металлдарды жана асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын аймагында аталган баалуулуктар менен операцияларды аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксат берүүнүн тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүк:
- алтын камтыган концентрат - алтын камтыган минералдык чийки заттарды байытуучу продукт.
3. Жеке чайкоочулардан кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алуу үчүн ушул Жободо белгиленген талаптарга жана шарттарга ылайык юридикалык жактар тарабынан алтын кабыл алуучу кассалар (АКК) уюштурулат.
4. АКК кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты кабыл алуунун, эсепке алуунун жана сатып өткөрүүнүн тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча иштеп чыгат жана бекитет.
5. АКК төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- кум түрүндөгү алтындан жана алтын камтыган концентраттан келип түшүүлөрдү жана аларга байланыштуу жүргүзүлгөн операцияларды катуу тартипте эсепке алууну жүргүзүүгө;
- тийиштүү ишканаларда алтын камтыган концентратты аффинаждоону жүргүзүүгө жана ички рынокто даяр продукция түрүндө сатууга;
- кум түрүндөгү алтынга жана алтын камтыган концентратка белгиленген мөөнөттөрдө инвентаризация жүргүзүүгө;
- жазма буйруктардын негизиндеги компетенциялардын чегинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине мамлекеттик контролдоону ишке ашырууга жол берүүгө;
- ушул Жобого карата 3-тиркемеге ылайык форма боюнча кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алуу жана сатуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин квартал сайын отчет берүүгө.