Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2015-жылдын 17-ноябры № 779
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Рыспаев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Т.Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 779 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Рысбаев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мыйзамдын долбоорунда көп батирлүү үйлөрдөгү турак жайларды өндүрүштүк мүнөздөгү максаттарда, аларды соода түйүнү катары пайдаланууга, тейлөө чөйрөсүндөгү уюмдарды жайгаштырууга, анын ичинде мейманкана катары пайдаланууга, ошондой эле жашап туруудан сырткары башка каалаган максаттарга пайдаланууга мыйзамсыз берүү, өткөрүп берүү үчүн айыптын өлчөмүн көбөйтүү каралган.
Ушуну менен бирге, өлкөбүздөгү социалдык-экономикалык абал калкты жумуш менен толук камсыз кыла албай тургандыгын белгилөө зарыл. Ушул себептен улам жарандардын көпчүлүк бөлүгү өздөрүнүн турак жайларын чарбачылык максаттарда пайдаланууга аргасыз болууда, мисалы, ырчылык сабактарын өткөрүү, репетиторлук кылуу, билим берүү менен алектенүү, бычмачылык жана тигүүчүлүк, токуучулук, бала багуу жана эмгек ишинин башка жекече түрлөрүн жүзөгө ашыруу.
Турак жайдын мыйзамдуу же мыйзамсыз берилишин аныктоо жагында бул укук бузууну администрациялоонун татаалдыгынан улам коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болуусуна чоң тобокелдик бар.
Мындан тышкары, каралып жаткан Мыйзамдын долбоорунда ушул категориядагы администрациялык укук бузууларды кароого ыйгарым укуктуу органды өзгөртүү каралган.