Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2015-жылдын 23-декабры № 873
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 855 "Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды декларациялоо, жарыялоо жана талдоо маселелери тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 855 "Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды декларациялоо, жарыялоо жана талдоо маселелери тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо маселелери жөнүндө";
- преамбуладагы "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" деген сөздөр "Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;"
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө декларациянын бланкы 2-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгына жана толуктугуна талдоо жүргүзүү тартиби тууралуу жобо 3-тиркемеге ылайык.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик кызматчылардын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тартиби тууралуу жободо: