Редакцияот 29.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 29-апрели № 224

Автотранспорт каражаттарын өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республиканын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 5-мартындагы № 84-б буйругун көңүлгө алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2001-жылы чыгарылган, кузовунун номери № 10051913, кыймылдаткычынын номери № 10078007, мамлекеттик номери 01-82 МЕS "ЗИЛ-131НА" маркасындагы жана 2001-жылы чыгарылган, кузовунун номери № 10051690, кыймылдаткычынын номери № 10077749, мамлекеттик номери 01-84 МЕS "ЗИЛ-131НА" маркасындагы автотранспорт каражаттарын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Ош шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке кабыл алуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автотранспорт каражаттарын кайра каттоону жүргүзүү;

- автотранспорт каражаттарын максаттуу багыты боюнча пайдалануу.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2007-жылы чыгарылган, кузовунун номери № 02ZC740058, кыймылдаткычынын номери № 00909272, мамлекеттик номери 21-60 ZА "Лифан" - LF6592 маркасындагы автобусун жана 2002-жылы чыгарылган, кузовунун номери № WOLOTGF7522296627, кыймылдаткычынын номери № Z18XE20Z28381, мамлекеттик номери 21-85 ZА "Опель Зафира" маркасындагы жеңил автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

С.Жээнбеков