Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 253 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2016-жылдын 17-майы № 261

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 127, 2022-жылдын 25-мартындагы № 166, 2022-жылдын 30-мартындагы № 183 токтомдоруна ылайык күчүн жоготту)

Бизнес-чөйрөсүн жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелери боюнча мамлекет менен бизнес-коомдоштуктун натыйжалуу диалогун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 5-пунктундагы "стратегиялык өнүктүрүү" деген сөздөр "инвестициялар" деген сөз менен алмаштырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңеш жөнүндө жободо:

2-пунктунда:

- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- экономика жана инвестициялар маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;";

төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);".