Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-майы № 253
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеш жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
Бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, инвестициялык климатты, ишкердик субъекттеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча кызыкдар тараптардын ишин координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 16 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңештин жана Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңештин базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеш түзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеш жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңеш жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-июнундагы № 328 "Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңешти түзүү жөнүндө" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүүгө жетишүү үчүн бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (мындан ары - МЖӨ) өнүктүрүү, инвесторлордун жана ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ортосунда натыйжалуу диалогду камсыз кылуучу, туруктуу иш алып баруучу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кеңештин ишинин негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ачыктык жана калыстык;