Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2016-жылдын 16-сентябры № 496

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А.Султанбекова демилгелеген "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Премьер-министри

 

С.Жээнбеков

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А.Султанбекова демилгелеген "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна КОРУТУНДУ

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Л.Султанбекова демилгелеген "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, сунуш кылынган мыйзамдын долбоорун кабыл алууну төмөнкү негиздер боюнча максатка ылайыксыз деп эсептейт.

Спорттук бирикмелерди (федерацияларды, союздарды, ассоциацияларды) мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу органдын кат жүзүндө уруксат берүүсү болгондо гана жүргүзүү федерациялар жана дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу органдын ортосунда кызыктардын кагылышуусуна алып келет, себеби, мыйзамдарга ылайык бир эле федерация аккредитациядан өтөт жана мамлекет тарабынан финансылык жардам алууга укугуна ээ болот. Ал эми ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги спорттун бир эле түрү боюнча бир канча спорттук бирикмелерди каттоодон өткөрөт.

Мындай өзгөртүүлөр "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген, дене тарбиясын жана спортту уюштуруунун жана башкаруунун негизги принциптерин бузууга алып келет, атап айтсак: дене тарбия жана спорт системасындагы демократизмды жана спорт уюмдарынын өз алдынчалуулугун жана көп түрдүүлүгүн таанууну бузат.

Ушул эле Мыйзамдын 8-беренесинин биринчи абзацында, Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорт жагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү максатында дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук багытта иштеген коомдук бирикмелердин тармагы каралган.

Ушул себепке байланыштуу, дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук багытта иштеген коомдук бирикмелердин иштерин өз алдынча жөнгө, тартипке салууга мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейбиз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-октябрындагы № 649 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында спорттун айрым түрлөрү боюнча дене тарбия-спорт бирикмелерин (федерациялар, союздар, ассоциациялар) аккредитациялоо жөнүндө жобого ылайык, дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар бир 4 жылда федерацияларды аккредитациядан өткөрүп турат.