Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 27-декабры № 703
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 "Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жаныбарларды идентификациялоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында, "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 "Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жаныбарларды идентификациялоо эрежесинде:
- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "жаныбарларды идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жеке идентификациялык номер 12 (он эки) символдон турууга тийиш, алар төмөнкүдөй маанилерге ээ:
1) мүйүздүү бодо мал жана топоз үчүн кулак биркасынын коду 2 тамгадан жана 10 цифрадан турууга тийиш:
KG C10 С9 C8 С7 С6 С5 С4 СЗ С2 С1, алар төмөнкүлөрдү билдирет:
KG - ISO 3166 эл аралык стандартка ылайык биринчи деңгээлдеги домен үчүн коддордун эки тамгалуу системасы;
C10-C1 - жаныбардын жеке идентификациялык номерин билдирүүчү 10дон 1ге чейинки цифралар (10 символ);