Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык 2026-жылдын 31-декабрына чейин берилген Нускаманын колдонуусу токтолду
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 734, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466, 2023-жылдын 10-октябры № 541 , 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары - ТИМ), Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери (мындан ары - чет өлкөдөгү мекемелери), алар болбогон учурда башка өлкөлөрдүн атайын ыйгарым укук берилген өкүлчүлүктөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын визаларын (электрондук визаларын) (мындан ары - виза) тариздөө тартибин аныктайт.
2. Визаларды тариздөө боюнча шарттардын айрым өзгөчөлүктөрү, анын ичинде өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал киргизилген мезгилде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде башкача тартип каралбаса, чет өлкөлүк жаранга, жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө визасы болгон учурда жарактуу документ боюнча уруксат берилет.
4. Ушул Нускамада колдонулуучу терминдер төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пунктундагы визалык пункт - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык өткөрүү пункттарында визаларды тариздөө боюнча функцияларды ишке ашыруучу ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин (мындан ары - ККД) же ТИМдин Кыргыз Республикасынын аймагындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү (мындан ары - ТИМдин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү) түзүмдүк бөлүмү;
визалык пункт - чет мамлекеттин тийиштүү аймагынын чегинде визаларды тариздөө боюнча функцияларды ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы;
визалык анкета - кагаз же электрондук түрдө толтурулган визаны тариздөө үчүн арызга анкета;
визалык чаптама - ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык таризделген, арыз ээсинин жарактуу документине чапталуучу визалык бланк;
кирүү/чыгуу визасы - Кыргыз Республикасына кирүү жана кийин анын аймагынан чыгып кетүү үчүн таризделүүчү виза;
чыгуу/кирүү визасы - Кыргыз Республикасынан чыгуу жана кийин Кыргыз Республикасына кайра кирүү үчүн таризделүүчү виза;