Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-августу № 538
Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 642, 2025-жылдын 26-августундагы №525 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрдин, милдетин аткаруучу Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| М.Абулгазиев |
Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 642, 2025-жылдын 26-августундагы №525 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталуучу башка булактардан каржыланган автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартибин жөнгө салат.
2. Жободо төмөнкүдөй терминдер колдонулган:
долбоорлоого чейинки документация - автомобиль жолун куруу же реконструкциялоо боюнча техникалык, экономикалык максатка ылайыктуулугун жана долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн негиздөөчү документ. Долбоорлоого чейинки документацияга төмөнкүлөр кирет: техникалык-экономикалык негиздөө, инженердик издөөнүн жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, конструкциялык жана технологиялык эсептер, макеттер жана объекттерди изилдөөнүн жыйынтыгы, ошондой эле долбоордук документацияны иштеп чыгуу жана долбоорлорду кийин ишке ашыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон баштапкы материалдар жана маалыматтар;
техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) - долбоорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүгүн жана максатка ылайыктыгын негиздеген, дээрлик натыйжалуу техникалык, уюштуруучулук жана финансы-экономикалык чечимдерди белгилеген документ;
долбоордук документация - автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, куруу боюнча инженердик-техникалык, архитектуралык, технологиялык, конструкциялык, экономикалык, финансылык жана башка чечимдерди камтыган документация;
жумушчу документтер - объектти куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча бекитилген долбоордук документацияда кабыл алынган техникалык чечимдерди ишке ашырууну камсыз кылуучу, курулуш жана монтаждык иштерди жүргүзүүдө, курулушту жабдыктар, шаймандар жана материалдар менен камсыздоодо жана/же курулуш буюмдарын жана конструкциясын даярдоодо керектелүүчү тексттик жана графикалык документтердин жыйындысы;
долбоорлоого тапшырма (долбоордук документацияны иштеп чыгуу тапшырмасы) - подряддын (контракттын) келишимин түзүүдө долбоордук уюм берген, заказчы тарабынан түзүлгөн жана бекитилген документ. Долбоорлоого тапшырма негизги баштапкы маалыматтарды, белгиленген параметрлерди, белгиленген объект үчүн инженердик камсыздоонун булактарын, курулуштун долбоордук объектисинин эксплуатациялык мүнөздөмөсүн жана башка талаптарды, долбоорлоонун татаалдыгын, баскычтарын жана мөөнөтүн аныктайт;
заказчы - автомобиль жолдору карамагында (балансында) турган мамлекеттик бийлик органдары, мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
капиталдык оңдоо (реабилитация) - жол кийимдерин жана төшөлгөнүн, жердин бетин жана жол курулуштарын толук калыбына келтирүү жана ишке жөндөмүн жогорулатуу иштеринин комплекси, эскирген конструкцияларды жана деталдарды алмаштыруу же аларды бекемине жана узакка кызмат кыла турганына алмаштыруу, керектүү учурда жолдун геометриялык параметри кыймылдын интенсивдүүлүгүнүн өсүшүнө жана автомобилдердин огуна болгон жүктү эске алуу менен оңдолгон жол үчүн белгиленген ченемдин чегинде, тиешелүү категорияда, жолдун негизги узундугунда жер бетинин туурасын кеңейтпестен жогорулатылат;
автомобиль жолунун реконструкциясы - автомобиль жолунун классынын жана (же) категориясынын өзгөрүүсүнө алып келген, же автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесинин чектерин өзгөртүүгө түрткү болгон автомобиль жолунун, анын участокторунун параметрлерин өзгөрткөн жумуштардын комплекси;
автомобиль жолун куруу - автомобиль жолун куруу боюна технологиялык, инфраструктуралык жана башкаруу процесстеринин комплекси;
негизги техниканы жана жабдыктарды мобилизациялоо графиги - кол коюлгандан кийин келишимдик документацияга камтылуучу документ, кийин ал келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп, келишимди аткаруу үчүн керектүү техника жана жабдуу менен долбоорду камсыздоо боюнча подряддык уюмдун милдеттери жана мөөнөт тууралуу маалыматты камтыйт;
иш жүргүзүүнүн жалпы графиги - кол коюлгандан кийин келишимдик документацияга камтылуучу документ, кийин ал келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп, долбоор боюнча жумуштардын конкреттүү көлөмүн физикалык жана акчалай түрүндө аткаруу милдеттенмелерин жана мөөнөттөр тууралуу жалпыланган маалыматты камтыйт;
ишти аткаруунун жылдык графиги - тиешелүү жылда долбоордун иштерин аткаруу көлөмү боюнча мөөнөт жана милдеттер жөнүндө кенен маалыматтарды камтыган, иш жүргүзүүнүн жалпы графигинин негизинде түзүлгөн документ;
эксплуатацияга кабыл алуу - белгиленген тартипте бекитилген долбоордук документацияга жана тиешелүү техникалык регламенттердин талаптарына, көрктөндүрүүнүн жана жасалгалоонун керектүү элементтери менен, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана аны күтүү системасы менен жабдылган автомобиль жолунун (же анын участогунун) же жол курулмасынын аякталган курулушун кабыл алуу;
кирүүдөгү көзөмөл - тиешелүү коштоп жүрүүчү документтердин, пайдаланылуучу техниканын, жабдуулардын, курулуш материалдарынын жана буюмдарынын бар экендигин текшерүү;
төлөм сертификаты - отчеттук мезгилде аткарылган иштердин көлөмүн жана төлөнүүгө тийиш сумманы аныктоочу документ.
жол кыймылынын коопсуздугунун аудити – долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында жол кыймылынын катышуучулары үчүн тобокелдиктерди аныктоо жана алдын алуу максатында жүргүзүлө турган долбоордук чечимдерди жана жол инфраструктурасынын элементтерин көз карандысыз, системалуу жана техникалык текшерүү.