Редакцияот 01.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 1-февралы № 44

Товарларды чыгарууга байланышкан иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу тууралуу

Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш тарабынан жактырылган "Шайлоо процессинин моделин" пайдалануу менен 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону ачык өткөрүүнү камсыздоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын 2-главасынын 2.4-пунктун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" жарлыгынын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 188-беренесинин 3-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы үчүн арналып Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү, тиркемеде көрсөтүлгөн жабдууларды жана материалдарды бажылык тариздөө товарларды чыгарууга байланышкан иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн жыйымдардан бошотуу менен жүргүзүлөөрү белгиленсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы үчүн арналып Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү жабдуулардын жана материалдардын тизмеги

 

№

Жабдуунун аты

Өлчөө бирдиги

Саны

1

АСУ (автоматтык саноочу урналар);

PCOS (бюллетендерди саноочу оптикалык сканер жана урна)

даана

2900

2

UPS (үзгүлтүксүз азыктандыруу булагы)

даана

2900

3

Өткөргүч жана өткөргүч эмес комбинацияланган модем

даана

2900

4

Атайын термографиялык кагаз (чектерди басып чыгаруу үчүн)

даана

4000

5

Жараксыз бюллетендерди салгыч

даана

2900