Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТYНYН
2015-жылдын 20-июлу № 509
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгортγγлѳдγ жана толуктоолорду киргизγγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизуу жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Pecпубликасынын ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын
Премьер-министр |
Т.А. Сариев |
1-берене. "Жарандык абалдын актылары жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж. № 7, 501-бер.) тѳмѳнкγдѳй ѳзгѳртγγлѳр жана толуктоолор киргизилсин:
2-берене тѳмѳнкγдѳй редакцияда берилсин:
"2-берене. Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү мыйзамдар Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен. Кыргыз Республикасынын Yй-бγлѳлγк кодексинен. Кыргыз Республикасынын Балдар жѳнγндѳ кодексинен. ушул Мыйзамдан жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан турат.".