Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 15-ноябры № 591
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Ч.А.Турсунбеков жана А.А.Турсунбаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 591 токтому мененжактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Ч.А.Турсунбеков жана А.А.Турсунбаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунушталган мыйзамдын долбоору Кыргызстандын финансы рыногунда алтындан жана/же күмүштөн даярдалган, аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, ошондой эле инвестициялык жана нумизматикалык монеталарды жүгүртүү үчүн төмөнкүлөрдөн бошотуу аркылуу шарттарды түзүү максатын көздөйт:
- салык төлөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн алтындан жана күмүштөн даярдалган, аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, ошондой эле инвестициялык жана нумизматикалык монеталарды берүү жана экспорттоо (сатуу) кошумча нарк салыгынан (мындан ары - КНС) жана сатуудан салыктан (мындан ары - СС);
- алтындан, күмүштөн, мельхиордон жана/же жез-никелден даярдалган, аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалардын, инвестициялык жана нумизматикалык монеталардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алынып келген ар түрдүү жабдуулардын жана товарлардын импортуна КНСтен.
2015-жылдын 15-апрелиндеги № 81 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында алтындан жана/же күмүштөн даярдалган, аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык жана нумизматикалык монеталар боюнча банктар ишке ашырган операцияларды КНС жана СС төлөөдөн бошотуу каралгандыгын белгилеп кетүү керек.