Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-ноябры № 589
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 184, 2021-жылдын 5-мартындагы № 78, 2021-жылдын 10-мартындагы № 86, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 , 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 , 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 620, 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын Интернет-ресурстарынын даректеринде:
- он жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик комитеттер:";
- төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
"www.ict.gov.kg Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети";
- жыйырма биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 620 токтомуна ылайык күчүн жоготту)