Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 1-июну № 17
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245, 2023-жылдын 3-мартындагы № 115, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678, 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760, 2026-жылдын 5-мартындагы № 148,
2026-жылдын 11-мартындагы № 173 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аткаруу бийлигинин айрым мамлекеттик органдарынын жана алардын ведомстволук уюмдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-94-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун:
1) төмөнкү мамлекеттик ишканаларды жана мекемени кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы:
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Инфо-Система» мамлекеттик ишканасы;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Соцсервис» мамлекеттик ишканасы;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызмаркасы» мамлекеттик ишканасын кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы.
3. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти болуп;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси болуп;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы болуп;