Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 184
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 23-ноябры № 612
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30 мартындагы №181 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын өркүндөтүү жана жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин (мындан ары – Республикалык мекеме) кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү, 1-тиркемеге ылайык;
- Республикалык мекеменин негизги жумушчуларынын (адис усталарынын) тарифтик ставкаларынын өлчөмдөрү, 2-тиркемеге ылайык;
- Республикалык мекеменин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү, 3-тиркемеге ылайык;
- Республикалык мекеменин кызматкерлерине карата квалификациялык талаптар, 4-тиркемеге ылайык;
- Республикалык мекеменин кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумча акыларынын өлчөмдөрү, 5-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Республикалык мекеменин кызматкерлерине төмөнкүдөй кошумча акылар төлөнөт:
- эмгектин өзгөчө шарттарында иштегени (оор жумушта иштеген, зыяндуу, опурталдуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык.