Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 637 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 14-декабры № 671
Чет мамлекеттерде берилген хабилитацияланган доктор (Dr.Habil.) жогорку академиялык даражасынын дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Европа регионунда жогорку билим берүүгө тиешелүү квалификацияларды таануу жөнүндө Конвенцияга кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет мамлекеттерде берилген хабилитацияланган доктор (Dr. Habil) жогорку академиялык даражасынын дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги хабилитацияланган доктор (Dr. Habil) жогорку академиялык даражасынын дипломун илимдин тиешелүү тармагы боюнча илимдин доктору окумуштуулук даражасына эквиваленттүү деп табуу жөнүндө норманы караштыруу менен “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 578 “Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо чет мамлекеттерде берилген хабилитацияланган доктор (Dr. Habil) жогорку академиялык даражасынын дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоонун тартибин жөнгө салат.
Чет мамлекеттерде берилген хабилитацияланган доктор (Dr. Habil.) жогорку академиялык даражалары диссертацияны экспертизалоодон жана дипломдорду нострификациялагандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында илимдин тиешелүү тармагы боюнча илимдин доктору окумуштуулук даражасына эквиваленттүү деп таанылышы мүмкүн.