Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 5-сентябры № 477
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдар долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдар долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 477 токтому менен жактырылган
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
"Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (мындан ары - мыйзам долбоору) боюнча.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында байытылган нан унуна карата техникалык регламенттин (техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин ченемдик укуктук актылардын жана стандарттардын) талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзө тургандыгын белгилөө сунушталган. Кайсы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө сөз болуп жатканын тактоо зарыл. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесине ылайык аткаруучу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын мыйзамдарды так жана бирдей аткарышына көзөмөлдүктү прокуратура органдары жүргүзө тургандыгына көңүл бурабыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн төртүнчү абзацын төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"Жогорку жана биринчи сорттогу импорттолгон ун техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.".
Бул сунуш, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 569 токтому менен бекитилген "Байытылган ундун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент 2013-жылдын 17-февралында күчүнө киргендигинен улам келип чыгууда. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 184 токтому менен "Ун-акшак өнөр жайы азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент бекитилген.