Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы №675 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТҮ
2016-вылдын 19-декабры № 688
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн корутундусу тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Г. Тиллаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине жиберилсин.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
| Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 19-декабры № 688 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Г. Тиллаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, тѳмѳнкүдѳй корутундуга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары женүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жана ушул Мыйзамдын иштѳѳ чѳйресүнѳ тийиштүү мыйзамдардын ченемдери бул Мыйзамга ылайык келиши керек. Ушул Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын ортосунда карама-каршылыктар келип чыккан учурда бул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.
«Кыргыз Республикасыңца инвестициялар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык инвестордун жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн, юридикалык жана жеке жактардын ортосунда түзүлүүчү, инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тартибин аныктоочу келишим инвестициялык макулдашуу деп аталат.