Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТҮ
2016-жылдын 24-ноябры № 620
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджета жѳнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун кечиктирбестен кароо тууралуу Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн корутундусу жѳнүндѳ
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 72-беренесинин 2-бѳлүтүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджета жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорун кечиктирбестен кароо тууралуу Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
| Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын ноябрындагы № 620 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Регламента жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын " 72-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 13-майындагы № 248, 2016-жылдын 24-августундагы № 457 жана 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 517 токтомдору менен жактырылып. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген "Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жѳнүндѳ отчетту бекитүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджета жана 2018-2019-жылдарга болжолу жѳнүндѳ" жана "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджета жана 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорунун негизинде тѳмѳнкүдѳй корутундуга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын 2015-жыл ү«гүн республикалык бюджетинин аткарылышы жѳнүндѳ отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жѳнүндѳ отчет Кыргыз Республикасынын Ѳкметүнүн 2016-жылдын 13-майындагы № 248 токтому менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген. Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышына Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан мыйзамда белгиленген мѳѳнѳттѳ аудит жүргүзүлгѳн.
2. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү саясий, социалдык, маданий-спорттук, инфраструктуралык маанидеги бир катар жаңы милдеттенмелерди кабыл алды. Эсептелген жаңы чыгымдардын жалпы суммасы 24,4 млрд сомду түздү, анын ичинен бюджеттик мексмелердин атайын каражагтарына - 4,9 млрд сом каралган.