Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 145 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 17-январы № 26
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 631 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 631 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө";
- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.";
- 2-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө убактылуу жободо: