Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 145 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2014-жылдын 10-ноябры № 631
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык
кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен
окутууну координациялоо жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-декабры № 893 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 26 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 26 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына төмөнкүлөр сунушталсын:
- (2-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 26 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрүү;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 26 токтомунун редакциясына ылайык)