Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 13-февралы № 100
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Б.Примов, Д.Д.Бекешев, Ч.А.Турсунбеков, Н.К.Алимбеков, И.Ш.Омуркулов, Р.А.Казакбаев, Э.Ж.Сурабалдиева., Ж.К.Акаев, Т.Г.Тиллаев, А.Т.Алтыбаева, Д.Э.Толонов, А.М.Нурбаев, И.А.Маннанов, Е.Г.Строкова тарабынан демилге кылынган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-февралындагы № 100 токтому менен жактырылган |
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Б.Примов, Д.Д.Бекешев, Ч.А.Турсунбеков, Н.К.Алимбеков, И.Ш.Омуркулов, Р.А.Казакбаев, Э.Ж.Сурабалдиева., Ж.К.Акаев, Т.Г.Тиллаев, А.Т.Алтыбаева, Д.Э.Толонов, А.М.Нурбаев, И.А.Маннанов, Е.Г.Строкова тарабынан демилге кылынган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келет.
Бул Мыйзамдын долбоору жеке менчик формасында түзүлгөн мектептик билим берүү уюмдарын (мындан ары - мектептик жеке уюмдар) пайдага салыкты, кошумча нарк салыгын, сатуудан салыкты жана жер салыгын төлөөдөн бошотууну караштырат.
2015-2016-жылдары салыктардын иш жүзүндө келип түшүүсүнө талдоо жүргүзүүнүн натыйжасында, мектептик жеке уюмдар 2015-жылы салыктын бардык түрлөрү боюнча – 47,9 млн сом, ал эми 2016-жылы – 60,8 млн сом төлөнгөндүгү белгиленген. Мында, төлөнгөн салыктардын жалпы суммасындагы негизги үлүштү киреше салыгынын суммасы ээлейт, ошентип ал 2015-жылы 44,8 млн сомду же төлөнгөн салыктын жалпы суммасынан 94,4 %, ал эми 2016-жылы 58,2 млн сомду же төлөнгөн салыктардын бүткүл суммасынан 95 %ды түзгөн.
2016-жылы мектептик жеке уюмдардан салыктар боюнча иш жүзүндө түшүүсү төмөнкүдөй болгон:
- пайдага салык - 25 миң сом;