Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 508 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 15-майы № 278
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 "Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуу жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 "Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелеринде:
- 3-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ведомстволор аралык эксперттик комиссия (мындан ары - эксперттик комиссия) - эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда транспорт каражатына алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдардын адистеринен турган, жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин буйругу менен бекитилген, жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн алдындагы эксперттик комиссия.";
- 6-пунктунда:
биринчи абзацындагы "КР ИИМ ПМББга" деген аббревиатуралар "жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына же анын аймактык бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "КР ИИМ ПМББнын башчысынын" деген аббревиатуралар жана сөздөр "жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пунктундагы "КР ИИМ ПМББнын" деген аббревиатуралар "жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамы эксперттик комиссиянын төрагасы болуп саналат.";