Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 508 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 токтому менен бекитилген |
Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 278, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер эксплуатацияда турган дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген, кайра жабдылган учурда аларга алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүүнүн, сыноонун жана күбөлүк берүүнүн тартибин аныктайт.
Ушул Эрежелер жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда пайдалануу үчүн арналган "L", "М", "N" жана "O" категориядагы конструкциясына өзгөртүү киргизилген дөңгөлөктүү транспорт каражаттары (мындан ары - транспорт каражаттары), ошондой эле шасси, транспорт каражаттарынын коопсуздугуна таасир тийгизген транспорт каражаттарынын компоненттери болуп эсептелген техникалык жөнгө салуу объекттерине карата колдонулат.
2. Транспорт каражаттарынын категориялары төмөнкүдөй мааниге ээ:
"L" - мототранспорт каражаттары (мотоциклдер, скутерлер, мопеддер, мотовелосипеддер, мокикилер);
"М" - күч орнотмосу менен кыймылга келүүчү, кеминде төрт дөңгөлөктүү жана жүргүнчүлөрдү ташууга арналган транспорт каражаттары;
"N" - жүк ташуу үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары - жүк ташуучу автомобилдер жана алардын шассиси;
"О" - "L", "М", "N" категориясындагы транспорт каражаттарынын чиркегичтери (жарым чиркегичтери).
3. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
транспорт каражаты - адамдарды, жүктөрдү же ага орнотулган жабдууларды ташуу үчүн арналган "L", "М", "N" жана "О" категорияларындагы дөңгөлөктүү түзүлүш;
транспорт каражатынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү - транспорт каражаты жүгүртүүгө чыгарылгандан кийин жасалган жана жол кыймылынын коопсуздугуна таасир эткен конкреттүү транспорт каражатынын конструкциясында каралган курамдык бөлүктөрүн жана жабдуу предметтерин алып салуу же каралбагандарын орнотуу;
ведомстволор аралык эксперттик комиссия (мындан ары - эксперттик комиссия) - эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда транспорт каражатына алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдардын адистеринен турган, жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин буйругу менен бекитилген, жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же анын аймактык бөлүмүнүн алдындагы эксперттик комиссия.