Каталог
Поиск и фильтрация по названию, номеру или коду документа.
Найдено документов: 211 446
Постановление · № 37
Кулунду айылдык кенешинин 2025-жылдын 14-майындагы №37 "“Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылынын түштүк тарабынан №6, №1, №4 контурларынан 44,05 га жерин бир багыттан экинчи бир багытка которуу (трансформациялоо) жана программасын бекитүү жөнүндө” токтому
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесинин жана Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Дехкановдун маалыматын, Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №7-протоколунун чечиминин 3-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Максат айылынын түштүк тарабынан №6 контурунан 11,03 га жайыт жер, №1 контурунан 1,58 га жайыт жер, №4 контурунан 31,36 га жайыт жер, 0,07 га жер аянты талаа жолу астындагы жер, 0,01 га жер аянты суу астындагы жер жалпы 44,05 га “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин жана программасы бекитилсин.
2. жагы Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты
Принят: 14 мая 2025 годаКулундунский айылный кенеш Лейлекского районаДействует