ПостановлениеДействует

Постановление ЦИК КР от 20 ноября 2020 года № 368 «О регистрации уполномоченных представителей кандидата на должность Президента Кыргызской Республики Токтосунова Кубанычбека Абдышевича»

Редакцияот 20.11.2020
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2020-жылдын 20-ноябры № 368

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Токтосунов Кубанычбек Абдышевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер К.А.Токтосуновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2020-жылдын 19-ноябрында кир. № 01-12/3417 түшкөн арызына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.А.Токтосуновдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Талантбеков Данияр Талантбекович катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.А.Токтосуновдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акулуев Бекбол Кемелович катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.А.Токтосуновдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

 

Н.Шайлдабекова