Сравнение редакций…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилсин |
Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускама (мындан ары - Нускама) мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун иштеп чыгуучу адамдар (мындан ары - эксперттер) үчүн практикалык колдонмо болуп саналат.
2. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун (мындан ары - мыйзам алдындагы акты) иштеп чыгууга жана аларды тариздөөгө талаптарды аныктайт.
3. Ушул Нускаманын максаты мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун тариздөөдө жана укуктун ченемдерин иштеп чыгуу, өзгөртүү жана токтотуу эрежелерин колдонууда бир түрдүүлүктү сактоо жолу менен мыйзам алдындагы актылардын сапатын камсыздоо болуп саналат.
1-глава. Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлоруна жалпы талаптар
4. Ушул Нускама түзүмдүк таризделишине, мыйзам алдындагы актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибине, мыйзам алдындагы актылардын жана алардын түзүмдүк элементтеринин колдонулушунун токтотулушуна, мыйзам алдындагы актылардын долбоорлоруна коштомо документтердин таризделишине талаптарды камтыйт.
5. Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу төмөнкү принциптерге негизделет:
1) жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо;
2) мыйзамдуулук;
3) негиздүүлүк;
4) максатка ылайыктуулук;
5) адилеттүүлүк;
6) айкындуулук;
7) мыйзам алдындагы актынын тилинин жеткиликтүүлүгү.
6. Бир мыйзам алдындагы акт:
1) коомдук мамилелерди жаңыдан жөнгө салууну белгилей алат;
2) башка мыйзам алдындагы актыларга өзгөртүүлөрдү киргизе алат;
3) башка мыйзам алдындагы актылардын колдонулушун токтотуп тура алат;
4) аларды күчүн жоготту деп таануу жана мындай актыларды жокко чыгаруу жолу менен мыйзам алдындагы актылардын колдонулушун токтото алат.
7. Мыйзам алдындагы актынын долбоорун иштеп чыгуу процесси үч этаптан турат:
1) таанып билүү - ченемдик жөнгө салуунун негизинде жаткан объективдүү зарылдыкты аныктоо, жыйынтыгында ченемдик укуктук актыда ишке ашырылууга жаткан укуктук ченемди ченемдик жөнгө салуу жана маңызын аныктоо негизги максаты болушу керек болгон коомдук мамилелердин катышуучуларынын зарыл болгон жүрүм-турумунун вариантын аңдап билүү;
2) иш - мыйзам алдындагы актыны жаратуу процесси. Бул этапта эксперт тарабынан келечектеги ченемдик укуктук актынын, анын түзүмүнүн модели жасалат, коомдук мамилелердин катышуучуларынын жүрүм-турумунун ченемдик көрсөтмөлөрү түзүлөт, негизги маанилик түзүүчүлөрдүн логикалык системасы түзүлөт;
3) жыйынтыктарды талдоо - эксперттин алар өздөрү иштеп чыккан мыйзам алдындагы актыга өзүнүн баа берүүсү, мыйзам алдындагы актынын долбоорунун максатына жетүүсүн талдоо, мыйзам алдындагы актынын долбоорунун ченемдик укуктук актыларга шайкештиги, ченемдик көрсөтмөлөрдүн логикалык байланышты, юридикалык тилди сактоосу.
8. Мыйзам алдындагы актынын долбоорун иштеп чыгууда эксперт төмөнкү контролдоочу суроолорду аныктайт:
1) мыйзам алдындагы актынын долбоорун укуктук жөнгө салуунун предмети - мыйзам алдындагы актынын долбоорун иштеп чыгууга киришүүдөн мурда, укуктук регламентациялоого жатуучу маселелердин чөйрөсүн аныктоо зарыл;
2) мыйзам алдындагы актынын долбоорун түзүү зарылдыгы жана негиздүүлүгү (же колдонуудагы мыйзам алдындагы актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү) - укукта кенемтенин табылышы, башкача айтканда ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынбаган, маанилүүлүгүнөн улам укуктук жөнгө салынууга тийиш болгон коомдук мамилелердин комплексин аныктап белгилөө, ошондой эле коллизиялык, кайталанган ченемдерди же зарылдыгынан жана актуалдуулугунан улам өзгөртүлүүгө тийиш болгон ченемдерди аныктоо;
3) бул маселени жөнгө салууга ченем жаратуучу субъектинин ыйгарым укуктарын. Мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды жаратуу мыйзам кабыл алуунун маанилик уланылышы болуп саналат. Мыйзам алдындагы актылар бирдиктүү комплекс катары мыйзамдарды ишке ашыруунун толук механизмин түшүндүрөт;
4) мыйзам алдындагы актынын долбоорунун, ошондой эле ал аркылуу өзгөрүлүүчү (өзгөртүү киргизилүү учурда) актынын маанилик жана логикалык ара байланышын эске алуу менен мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорунун тексттеринин мамлекеттик жана расмий тилдерде аутенттүү болуусунун милдеттүүлүгүн.
9. Мыйзам алдындагы актынын долбоору кыйла жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актынын ченемдерине карама-каршы келбеши керек жана бирдей юридикалык күчтөгү ченемдик укуктук актыларга шайкеш келүүгө тийиш.
Мисал: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүүнүн методикасын бекитүү жөнүндө" токтому: 1) жөнгө салуу предмети ишкердин субъекттеринин ишине жана өнүгүшүнө ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү тартиби болуп саналат; 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам алдындагы акты менен укуктук жөнгө салуунун зарылчылыгы жана негиздүүлүгү ишкердик субъекттеринин ишине жана өнүгүшүнө ченемдик укуктук актылардын, жөнгө салуучу таасирин талдоону өткөрүү тартибин аныктаган ченемдик укуктук актынын жоктугу менен шартталган; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясы "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренеси менен жөнгө салынган (Ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Методикага ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүлөт). |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилсин |
Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 613, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-майындагы № 277 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускама (мындан ары - Нускама) мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун иштеп чыгуучу адамдар (мындан ары - эксперттер) үчүн практикалык колдонмо болуп саналат.
2. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун (мындан ары - мыйзам алдындагы акты) иштеп чыгууга жана аларды тариздөөгө талаптарды аныктайт.